Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:39

Бишкекте “Кыргыз хирургиясынын жылдызы” аттуу көргөзмө ачылат


Какиш Рыскулова.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада бүгүн өтө турган көргөзмө медицина илимдеринин доктору, эмгек сиңирген дарыгер жана Кыргызстанда аялдардан чыккан алгачкы хирург Какиш Рыскулованын 100 жылдыгына арналган.

Көргөзмөдө Какиш Рыскулованын өмүр жана эмгек жолундагы сүрөттөр, гезит-журналдардагы ал тууралуу чыккан макалалар коюлат.

Какиш Рыскулова 1918-жылы Чүй облусунун Четинди айылында туулган. Ал 200дөн ашуун илимий иштердин автору.

Азыр Кыргызстандын медицинасы анын “Кандын уютуу системасы жана табийгый гипоксияга карата адаптация”, “Кыргызстандын медициналык географиясы” деген илимий эмгектерин кеңири колдонуп келет. Быйыл Рыскулова 100 жылдык мааракесин белгилейт. (NT)

XS
SM
MD
LG