Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-кызматынын башчысы Дамир Мусакеев иштен кетти. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 4-апрелде билдирди.
Кабарга караганда, Мусакеев өз арызынын негизинде кызматтан алынды.
Дамир Мусакеев тогузунчу кызматтын башчысы болуп 2016-жылдын июнь айында дайындалган. Бул кызмат менен кошо УКМКнын жетекчисинин орун басарынын милдетин аркалаган. Ага чейин ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп жүргөн.
УКМКнын 9-кызматы мамлекеттин биринчи адамдарынын коопсуздугун камсыз кылат жана стратегиялык объектилерди кайтарат. (NT)