Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Акаев: "Кыргыз темир жолунун" башчысы текшерүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат


Алмазбек Ногойбаев.
Алмазбек Ногойбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттик отурумда өкмөттүн өкүлүнө "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Алмазбек Ногойбаевдин иш-аракеттерине көңүл бурууну тапшырды:

- "Кыргыз темир жолундагы" коррупция тууралуу бир нече жолу маселе көтөргөнбүз. Кечээ Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан барышса, ишкана башчысы Ногойбаев кабинетине киргизбей, кууп чыгыптыр. Иликтөөгө жолтоо болуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатат. Ошондуктан өкмөттүн коррупция менен күрөшөм деген чыныгы ниети болсо, президенттин коррупцияга каршы аёосуз күрөшүн колдойм десеңер, Ногойбаевге мындай мамиле кылбагыла. Мен азыр эле ошол Ногойбаев кууп чыккан кызматкерлер менен жолугуп, сүйлөшүп чыктым. Мындай мамиле болбойт, ушуга көңүл буруп койсоңуздар.

Бул маалымат боюнча "Кыргыз темир жолу" ишканасынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаевди убактылуу кызматтан четтетүү боюнча өкмөткө сунуш киргизүү маселесин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мурда да көтөргөн.

Депутат "Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келбегенин билдирген. Ногойбаев муну четке кагып, вагондор келгенин КТРК аркылуу айткан.

Ошондой эле депутат Жанар Акаев Ногойбаевдин бала-чакасы да ишканага тиешелүү жерлерди өздөрү каалаганча пайдаланып жатканын, кызы конок үйүн куруп алганын маалымдап, "Кыргыз темир жолу" ишканасы Өзбекстандын Кыргызстанга болгон 137 млн. сом карызын кечкенин кескин сындап чыккан эле.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев бул дооматтарды четке каккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG