Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Парламентте “Көмүскө ачкачылык” аттуу көргөзмө ачылды


Жогорку Кеңештеги көргөзмө.
Жогорку Кеңештеги көргөзмө.

Жогорку Кеңештин имаратында Кыргызстандагы “Көмүскө ачкачылык” тууралуу көчмө фото көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөдө жетишсиз тамактануу жана аз кандуулук темасына байланыштуу кесипкөй жана үйрөнчүк фотографтардын сүрөттөрү коюлду.

Бул демилге аз кандуулукка, туура эмес тамактанууга жана анын кесепеттерине байланышкан маселелерге аткаминерлердин көңүлүн буруу максатын көздөйт. Сүрөттөр эки ай бою кезек-кезеги менен парламентте, мамлекеттик органдарда илинет.

Cүрөттөр БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өткөн “Аз кандуулуктан эркин Кыргызстан” аттуу фото сынакта топтолгон. Ал эми сынакты болсо "Тамактанууну жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн" жарандык альянс, Жогорку Кеңештин депутаттары чогуу уюштурган.

Диетология боюнча адистер туура эмес тамактанууну "көмүскө ачкалык” деп да атап коюшат. Бул көп учурда аз кандуулукка алып келет. Кыргызстанда аз кандуулук коркунучуна өзгөчө аялдар жана балдар көбүрөөк кабылган. Төрөт курагындагы аялдардын 35% жана беш жашка толо элек балдардын 43% аз кандуулуктан жапа чегүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG