Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Бишкек-Ош жолунда унааларга чектөө киргизилди


Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү. 15-март, 2018-жыл.
Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү. 15-март, 2018-жыл.

Чектөө жолдогу кар көчкү коркунучуна байланыштуу киргизилди. Учурда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурканбек Медетбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 2-апрелден 11-апрелге чейин кооптуу жерлерден кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрөт. Аткылоо мезгилинде жолдо жүргөндөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында каттам мезгил-мезгили менен убактылуу жабылып турат.
Мындан сырткары оор жүк ташуучу уналарга кечки саат 21:00дөн таңкы 06:00гө, күйүүчү май ташыган унааларга 17:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин чектөө киргизилет. Жеңил унааларга чектөө жок.

Март айында Бишкек-Ош жолунда бир нече жолу кар көчкөн. Алардын эң ириси - Чычкан капчыгайындагы Көчкүлүү-Булак тилкесине көлөмү 2,5 млн. куб метрлик көчкү бир нече күндүн ичинде тазаланган. (RsK)

XS
SM
MD
LG