Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Ногойбаев: “Финполдун” кызматкерлерин кууп чыккан жокмун


Алмазбек Ногойбаев.
Алмазбек Ногойбаев.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Алмазбек Ногойбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрүн кууп чыкпаганын, алар ишканада учурда текшерүү иштерин жүргүзүп жатышканын билдирди.

- "Финполициянын", транспорттук прокуратуранын кызматкерлерин мен кууп чыккан жокмун. Алар келишкен, сүйлөштүм. Бир кабинет бергем, алар азыр текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Эмне текшерип жатышат, кандай иштеп атышат, мен аларга киришпейм. Анан билбейм, Акаев каяктан алып, “аларды кууп жиберди, киргизбей койду” деп айтып жатканын. "Финполиция" текшерүүчү орган болуп атса, алардын кызматкерлерин ким кууп чыга алмак эле?

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Алмазбек Ногойбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрүн кабинетине киргизбей, кууп чыкканын айткан. Ал Ногойбаевди "иликтөөгө жолтоо болуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатат" деп айыптаган.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаевди убактылуу кызматтан четтетүү боюнча өкмөткө сунуш киргизүү маселесин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мурда да көтөргөн. Эл өкүлү "Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келбегенин билдирген.

Ошондой эле депутат Жанар Акаев Ногойбаевдин бала-чакасы да ишканага тиешелүү жерлерди өздөрү каалаганча пайдаланып жатканын, кызы конок үйүн куруп алганын маалымдап, "Кыргыз темир жолу" ишканасы Өзбекстандын Кыргызстанга болгон 137 млн. сом карызын кечкенин кескин сындап чыккан эле.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев бул дооматтарды четке каккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG