Полтавадагы курал-жарак чыгарган “Знамя” заводунун мурдагы директору, саясий туткун Юрий Солошенко көз жумду. Бул тууралуу Жогорку Раданын вице-спикери Ирина Геращенко кабарлады. 75 жаштагы саясий туткун рак илдетинен жабыркап жүргөн.
2015-жылы орус соту Солошенкону "тыңчылык кылды" деп айыптап, алты жылга түрмөгө кескен. Федералдык коопсуздук кызматы Солошенкого "украиндердин эки ишканасынын атынан Украинанын абадан коргонуу комплексине жабдуу сатууга көмөктөшкөн" деген кине койгон.
Орусиялык укук коргоочулар ишти тергеп жатканда Солошенконун укугу такай бузулганын белгилешкен.
2016-жылдын 14-июнунда Юрий Солошенко, дагы бир украин жараны жана крымдык активист Геннадий Афанасьев Одессадагы орусиячыл активисттерге айырбашталган.