Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" билдирди. Ал Байсаловдун иликтөөсүнө жана башка сөздөрүнө партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин 31-мартта басма сөз жыйынында айткан сөздөрү менен гана жооп болорун билдирди:
- Биз Байсаловдун видеосун көрүп чыктык. Ага курултайдан кийинки Алмазбек Атамбаевдин сөзү менен гана жооп кылмакчыбыз. Сиз деле билесиз, Алмазбек Шаршенович курултайдан кийинки басма сөз жыйынында "мен Эдил Байсаловду окугандан жийиркенет элем, анын айткан сөздөрү базарда да айтылбайт" деп айтпадыбы. Башка комментарий жок. Биз Эдил Байсаловдун айткандарын комментарийлөөнү туура эмес деп эсептейбиз.
Коомдук ишмер Эдил Байсалов Интернетке экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда ал Атамбаевди коррупцияга байланыштуу айыптап, анын көмүскө достору тууралуу маалыматтарды келтирген. (UEz/ZKo)