Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү Кыргызстанда кармалды


Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.
Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.

46 жаштагы кыргызстандык жаран Сирия жана Ирак аймагындагы террордук уюмдардын лагеринде диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышканы аныкталган. 28-мартта кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин 2-бөлүмү («Жалданмачылык») боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар 500дөн ашат. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон.

Буга чейин күч органдары Сириядагы согушка катышкан жыйырмадай киши кайтып келгенин жарыялаган. Бирок аларга карата кандай чара көрүлгөнү, аларды эмне тагдыр күткөнү белгисиз.

Былтыр Сирияга кеткен жарандар өлкөгө кайтканда аларды жарандыктан ажыратуу жана сегиз жылга чейин кесүү боюнча мыйзам кабыл алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG