Талас шаарынын Нуржанов көчөсүндө жайгашкан “Бермет” аттуу кафеде өрт чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” Таластагы кабарчысы Альбина Сулайманова билдирди.
Анын айтымында, ӨКМдин өрт кызматкерлери убагында жетип келип, тилсиз жоо менен күрөшүүдө.
Кафенин ээси Таалайбек Асыранкуловдун айтымында, өрт газ баллондун жарылуусунан улам чыккан болушу мүмкүн.
Жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтыла элек. (AlS\ErN)