Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Бишкек мэри: Жол эрежесин орой бузган айдоочулар каттамдан чыгарылат


Аялдамада унаа күткөн шаардыктар. Бишкек, 2-апрель, 2018-жыл.
Аялдамада унаа күткөн шаардыктар. Бишкек, 2-апрель, 2018-жыл.

Бул Бишкек шаарындагы кичи автобустардын айдоочуларынын шаардык жүргүнчүлөргө карата кызмат денгээлин жана маданиятын көтөрүү максатында болуп жатканын шаар мэри Албек Ибраимов "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ага ылайык, жол кыймылынын эрежелерин тынымсыз, орой бузуу фактылары катталган эл ташуучу ишканалар каттамдан чыгарылат. Ибраимов бул боюнча тийиштүү чараларды даярдоого буйрук бергенин да кошумчалаган.

Мындан тышкары шаар башчы башкалаанын борбордук көчөлөрүн кичи автобустардан бошотуу жана ири автобустарды бул каттамдарга жүргүзүү боюнча да иш-чараларды даярдап чыгууга шаардык транспорт башкармалыгына тапшырма бергенин жазган.

2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, бир катар талаптарды коюшкан. Мэрия алардын талаптары аткарылбасын билдирген.

Бишкекте күн сайын үч миңден ашуун маршруттук такси 119 каттам боюнча жүргүнчү ташууга чыгат. Мэриянын маалыматы боюнча учурда шаарда 127 автобус жана 104 троллейбус иштеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG