Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:53

Чүйдө балдарды чет элдик жарандарга берүү боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Чүй облусундагы мектеп-интернаттын балдарын чет элдик жарандарга берүү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемесинин маалымат бөлүмү кабарлады.

Анда айтылгандай, прокуратура УКМК менен кошо бул мектепте текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анда быйылкы жылдын 6-январында 9 жаштагы А.Т. жана 11 жаштагы В.Т. аттуу тарбиялануучулар эч кандай уруксат кагазы жок чет өлкөлүк жарандарга берилип кеткени аныкталган. Токмоктолуп же ыдык көрүп калуу коркунучу бар экенине карабай, балдар тиешелүү кызматкерлердин көзөмөлүсүз тааныш эмес чет элдиктер менен Бишкектеги мейманканада бир нече күн жашаган.

Ошол эле кезде "жетим наристелерди асырап алууга укугу бар кыргызстандыктар ал балдарды багып алууга талапкер катары документ тапшырганы аныкталды" деп билдирди башкы көзөмөл органы. Факты боюнча тергөө уланууда.

Буга чейин парламенттеги жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Жаңыл Жумабаева акыркы алты жылда 6 миң 713 бала асыроого берилгенин, булардын ичинен 87 баланы чет өлкөлүк жарандар багып алганын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG