Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:23

Ак-Сууда беш жашар бала бир суткадан кийин табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылынан беш жашар Эрлан аттуу бала 3-апрель күнү саат 17:00 чамасында жоголгон.

Баланын таенеси ал короодо ойноп жүргөн жеринен таппай калган. Үй-бүлөнүн өзүнүн издөө аракети натыйжа бербей, кийинки күнү милицияга кайрылышкан.

Милиция менен чогуу куткаруучулар, жергиликтүү тургундар баланы издөөгө чыгышып, кечки саат 18:00 чамасында бала тоо тараптан табылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Дарыгерлер бала үшүп калганы болбосо, анын ден соолугуна кооптонууга негиз жок экенин билдиришүүдө.

Маалыматтар боюнча, баланы атасы кайтыш болгондон кийин таенеси багып алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG