Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Жоокерлерге кыйноо көрсөткөн офицерлерге чара көрүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алардын ар бирине аскер чинине жараша милдет берилген, милдеттери чектелүү, эгер чегинен ашса, анда ал аскердик устав боюнча жоопко тартылат. Бул тууралуу Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Нурсеит Кедеев билдирди. Ал депутат Бакирдин Субанбековдун кыргыз аскериндеги чоңсунуу фактылары боюнча суроосуна жооп берип жатып мындайча түшүндүрмө берди:

- Мен чоңсунуу такыр жок дегенден алысмын. Бирок аны такыр жоготуу үчүн көп аракет жасалып жатат. Аскерде кызмат өтөөнү бир жылдык мөөнөткө кыскарткандан бери, чоңсунуу кыйла азайды. Ошентсе да мурдараак келгендер чоңсунууга аракет кылган учурлар катталган. Бул учурлардын ар бири боюнча текшерип-иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 5-апрелде Жогорку Кеңештин отурумуна “Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө” жана “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда алып чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG