Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" постунда нааразылык акциясын өткөрүп жаткан күйүүчү май ташуучу автоунаалардын саны 150гө жетти. Бул тууралуу Мунай ташуучулар бирикмесинин төрагасы Чолпонбек Жамбоев "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, айдоочулар коюлган талаптар аткарылмайынча чогулган жерден таркабайт.
Күйүүчү май ташыган айдоочулар жолдогу коррупцияны, акча жыйноону токтотууну, өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруу тууралуу токтомун жокко чыгарууну талап кылышууда. Акция 31-мартта башталган. Алар өкмөттүн өкүлдөрүн күтүп жатышат.
1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирген. Ага ылайык, кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек. Күйүүчү май ташыгандар өкмөттүн токтомундагы ушул жоболорго каршы чыгып, ал оор жүк ташуучулардын жана элдин кызыкчылыктарына жооп бербей, камсыздандыруу компанияларынын кызыкчылыгын коргой турганын айтып жатышат. Алар мындан тышкары тарифтер Казакстандын статистикалык маалыматтарынын негизинде бекитилип калганын да сынга алышууда.
Мыйзамга ылайык, оор жүк ташуучулар жүктөгөн жүгүнө жараша полис алышат. Эгерде 2,5 тоннага чейинки салмактагы оңой күйө турган суюк зат ташыса, бир жылдык полис баасы 5-10 миң сомдун тегерегинде болот. 20 тоннадан ашкан ушундай эле жүк үчүн полиске 60 миңден 120 миң сомго чейин төлөнөт.
Кокус жол кырсыгы болуп, жүргүнчү жабыркаса камсыздандыруу компаниясы анын дарылануусуна 300 миң сомго чейин компенсация төлөөгө тийиш болот. Кырсыктардан жүгүнө зыян келтирилсе да компенсация алат. (ErN)