Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:02

Бишкекте диний кырдаалды талкуулаган жыйын өтөт


Бишкектеги айт намаз. Бишкек мэриясынын сүрөтүнөн.
Бишкектеги айт намаз. Бишкек мэриясынын сүрөтүнөн.

Бишкек шаарында 6-апрель күнү Кыргызстандагы диний кырдаал жана диний чөйрөдөгү долбоордук ишмердүүлүк туурасында координациялык кеңешме өтөт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, жыйында диний чөйрөдө эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын долбоордук ишмердүүлүгү, диний чөйрөдөгү аткарылып жаткан мамлекеттик программалардын стратегиялары, жакынкы арада түзүлгөн негизги пландары жана милдеттери тууралуу талкуу болот. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, күч түзүмдөрүнүн, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштуруп жаткан тегерек үстөл Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин (ЕККУ) колдоосунда болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG