Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Темир жол аркылуу күйүүчү май ташуу көбөйдү


Кыргыз темир жолу.
Кыргыз темир жолу.

"Өзбекстан темир жолу" ишканасы күйүүчү майды транзиттик ташууга жеңилдик бергенден бери 1692 тонна күйүүчү май Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө жеткирилди. Ошондой эле Орусиядан Жалал-Абад шаарына 9 миң 50 тонна, Кызыл-Кыяга 450 тонна күйүүчү май темир жол аркылуу жеткирилген.

"Күйүүчү майды темир жол аркылуу ташууга мүмкүнчүлүк пайда болгондон бери өлкөнүн түштүгүнө күйүүчү май ташуу арбыды" деп маалымдайт Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы.

Өзбекстандын темир жол ишканасы өткөн айда кыргызстандык мунайчыларга өз аймагы аркылуу күйүүчү майды транзит иретинде ташып өтүүнүн акысын 30% арзандаткан. Өзбек тараптын талабы боюнча, транзит катары ташылган күйүүчү майдын көлөмү жылына 300 миң тоннадан кем болбоого тийиш.

"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын маалыматы боюнча, Орусиянын “Омск” темир жол бекетинен Кыргызстандын “Кара-Балта” темир жол бекетине чейин 1 тонна күйүүчү май ташып келүү 2436,5 сом, андан ары “Кара-Балта” темир жол бекетинен Ош шаарына чейин автоунаа менен ташуу 2860 сом турат.

"Нефтетрейдерлер ассоциациясынын" маалыматы боюнча ай сайын Орусиядан Кыргызстанга 80 миң тоннага жакын күйүүчү май ташылып келсе, анын 40% түштүк аймактарга кетет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG