Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

Ирандын жогорку лидери Саудиянын Израил менен болжолдуу алакасын айыптады


Аятолла Али Хаменеи.
Аятолла Али Хаменеи.

Аятолла Али Хаменеинин билдиргенине караганда, Израил менен сүйлөшүү “кечирилгис ката” болот.

Ирандын жогорку лидеринин мындай билдирүүсү Сауд Арабиясындагы тактынын мураскеринин израилдиктердин өз жеринде тынч жашоого укуктуулугун биринчи ирет айткан соң жасалды.

Аятолла Али Хаменеинин Интернеттеги баракчасында жарыяланган билдирүүсүндө ханзаада Мохаммед бин Салмандын айткандары тикелей эскерилбесе да ал Тегеран Сауд Арабиясы менен Израилдин мамилеси жылымтык тарткандай сезилген жараяндарга каршы экенин ачык көргөзгөн.

Сауд Арабиясы жакында Индиянын Нью-Дели шаарынан Тель-Авивге түз каттаган учак Сауд Арабиясынын аба мейкиндиги аркылуу өтүшүнө уруксат берген эле.

Мурда Саудия Израилге каттаган учактардын өз аймагы аркылуу катташына тыюу салган.

Ирандын жогорку лидери өз билдирүүсүндө Израил менен сүйлөшүү “чоң жана кечирилгис ката болгондон тышкары палестин элинин жеңишин артка кайтара турганын”, палестиндердин каршылык кыймылын колдоо ар бир мусулмандын “диний парзы” экенин да белгилеген.

Сауд Арабия да Израилди расмий тааныган эмес. Анын менен мамиленин жөнгө салынышы Израил 1967-жылкы согушта ээлеп алган араб жерлеринен кетишине көз каранды болорун узактан бери айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG