Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Токтонасыров активист Ормуковду коргоп акцияга чыкты


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров активист Темирлан Ормуковдун абактан бошотулушун талап кылып Жогорку Кеңештин алдына акцияга чыкты. Ал көзү азиз акынды камакка алууну саясий куугунтук менен байланыштырып, бул демократиянын принциптерине каршы келерин айтууда:

- Ормуков ичин устара менен тилип алганын билебиз. Аны ошондой кадамга баруусуна силер, бийликтегилер жеткирдиңер. Бүгүн аны дарыланып жаткан жеринен террорчуну кармап кеткендей кылып алып кеткениңер - бул уятсыздык. Темирлан Ормуковду камоону сөз эркиндигин, адам укуктарын тебелөө катары эсептейбиз. Урматтуу президент, урматтуу депутаттар, Ормуковду бошоткула! Темирлан, биз сени колдойбуз, мурдагыдай курч, бийликти сындаган ырларыңды жаза бер.

“Ормуковго боштондук!” деген кыйкырык менен акция өткөрүп жаткан Токтонасыров ушундай маанидеги плакатты да кармап турат.

Активист Темирлан Ормуков 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынганы жатканда ичин устара менен тилип жиберген. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. Кийин “Кыргыз темир жолу” ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланып жаткан. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бүгүн аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып, алып кетишкен. Ал №1 тергөө абагына жеткирилген.

Темирлан Ормуков президентти сындаган ырынан “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери табылганы жана “жалаа жабуу” боюнча айыпталган. Бул боюнча арызды Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жазган. Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен аны бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Ормуков бул кылмыш иштерин саясий куугунтук деп баалап келет. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов мындай дооматты четке каккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG