Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 02:33

Ошто медик студенттердин ата-энелери президентке кайрылышты


Студенттер, алардын ата-энелери жана окуу жайынын жетекчилеринин жыйыны. 30-март, 2018-жыл

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуган студенттер жана алардын ата-энелери окуу мөөнөтүнүн узартылганына нааразылыгын билдирип, президентке жана башка бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты.

Алар өкмөттүн 2017-жылдын 11-декабрындагы №798 токтомунун негизинде ординатурага үч жылдан беш жылга чейин окуу мөөнөтү кошулганына каршылыгын билдиришүүдө. Медик студенттердин ата-энелеринен түзүлгөн комитеттин өкүлү Ибадат Тыныбекова токтомдогу талап быйылкы окуу жылында окууга кабыл алынган студенттерден башталсын деген пикирин "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Биздин балдарыбыз 2012-жылы ОшМУнун медицина факультетине тапшырган. Ошондогу окуу келишими боюнча балдарыбыз алты жыл факультетте, эки жыл ординатурада окуйт деп жазылган. Эми эки жыл ординатурада билим алышмак болуп жатканда дагы беш жыл кошуп атышат. Биздин бир баланы он бир жыл окутууга күчүбүз жетпейт. Биз токтом 2017-2018-жылдан баштап, күчүнө кирсин.

Тыныбекованын айтымында, кеп болуп жаткан факультеттин 6-курсунда 380 студент окуйт. Алар окууга жылына 36 миң сомдон келишим акы төлөшөт. Ал эми ординатуранын бир жылдык келишим акысы 24 миң сомду түзөт.(MdN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG