Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Чек арадагы чатактан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлдү


Баткен, Үч-Дөбө айылы. 3-апрель, 2018-жыл.
Баткен, Үч-Дөбө айылы. 3-апрель, 2018-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасында болгон чатактан жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова “Азаттыкка” кабарлады.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү өзүнүн резервдик фондунан үй ээси Амирбек Абдираим уулуна 25 000 cом берди. Чек арадагы жаңжал учурунда таш ыргытуудан талкаланган башка тургундардын үйлөрүнүн эшик-терезелери да алмаштырылууда.

3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айылы менен Тажикстандын Кожо-Ало айылынын жашоочуларынын ортосунда чатак чыккан. Андан Үч-Дөбө айынын үч тургунунун үйлөрүнүн чатыры, эшик-терезелери, дубалдарына таш тийип талкаланган. Адистердин баштапкы эсебине караганда Амирбек Абдираим уулу 67 миң сом, Болот Даабеков 6 миң сом, Абдилла Байзаков 7 миң сомдук зыян тарткан.

Тажикстандын Исфара району менен чектеш тилкедеги жаңжалга Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине тургузулган дубал себеп болгону айтылган. (MdN)

XS
SM
MD
LG