Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Түркияда университеттеги ок атуудан төрт киши өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда кандуу окуя Эскишехир шаарындагы Осмонгази университетинде болду.

Агенттиктин маалыматында ок аткан адам университеттин иликтөөчүсү экени, ал декан орун басарын, катчыны жана дагы эки окутуучуну атып салганы айтылат.

“Доган” жаңылыктар агенттиги полиция ок аткан адамды кармай алганын билдирди. Кол салуунун себептери белгисиз. (UE)

XS
SM
MD
LG