Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" постунда нааразылык акциясын өткөрүп жаткан күйүүчү май ташуучу автоунаалардын айдоочулары өкмөт өкүлдөрү менен жолуккандан кийин тарашты. Бул тууралуу Мунай ташуучулар бирикмесинин төрагасы Чолпонбек Жамбоев "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, алардын талаптары жарым-жартылай аткарылды. Тагыраагы Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү автоунааларды бир жердеги гана таразадан текшеришерин, экинчи таразадан убара кылбай турганын айтып убада беришкен.
Буга чейин айдоочулар менен транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев жана Автоунаа, суу транспорт жана салмак-көлөм боюнча агенттиктин жетекчиси Анарбек Бекмуратов жолугуп, сүйлөшкөнү кабарланган. Ногойбаев милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу мыйзам 2008-жылы кабыл алынып, он жылдан кийин гана күчүнө кирип жатканын айткан.
31-марттан бери күйүүчү май ташыган айдоочулар жолдогу коррупцияны, акча жыйноону токтотууну жана камсыздандырууну жок кылууну талап кылып жатышкан. Бүгүн автоунаалардын саны 150гө чейин жеткен.
1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирген. Ага ылайык, кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек. Оор жүк ташуучулар эгерде 2,5 тоннага чейинки салмактагы оңой күйө турган суюк зат ташыса, бир жылдык полис баасы 5-10 миң сомдун тегерегинде болот. 20 тоннадан ашкан ушундай эле жүк үчүн полиске 60 миңден 120 миң сомго чейин төлөнөт. (ErN)