Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Британ полициясы Юлия Скрипалдын билдирүүсүн таратты


Полиция Сергей Скрипалдын Солсберидеги үйүн курчап турган учур. 3-апрель, 2018-жыл.
Полиция Сергей Скрипалдын Солсберидеги үйүн курчап турган учур. 3-апрель, 2018-жыл.

Солсбери шаарында атасы менен бирге ууландырылгандан кийинки алгачкы билдирүүсүндө Юлия Скрипал “эсине бир жума ашуун мурда келгенине”, азыр күч-кубаты “күн өткөн сайын калыптанып жатканына” токтолуп, анын сакайып кетишин каалагандарга, Солсберидеги оорукананын дарыгерлерине, шаардын тургундарына ыраазычылыгын айткан.

Юлия Скрипал ошондой эле башынан өткөн окуядан улам “бир аз ориентирин жоготуп турганын” моюнга алып, баарын анын дарылануу жана калыбына келүү учурундагы жеке жашоосун урматтоого да чакырган.

Бирок билдирүүдө Юлия Скрипал атасы Сергей Скрипалдын саламаттагынын абалы, алар химиялык затка кантип кабылганы, кол салуу үчүн ким жоопкер экени тууралуу эч нерсе айткан эмес.

Башында Скрипалдардын абалы өтө оор экени, бирок кийин алар ооруканадан оңоло баштаганы маалымдалган.

Бул арада Британиянын Тышкы иштер министрлиги 33 жаштагы Юлия Скрипал Лондондогу орус элчилигинин ага консулдук жардам көрсөтүү сунушунан кабардар болгонун, бирок аны кабыл албаганын билдирди.

Орусиялык мурдагы чалгын офицер Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын 4-мартта ууландырылышы үчүн расмий Лондон Москваны айыптаган жана аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган деген бүтүмгө келген.

Москва Лондондун ырастоолорун “далили жок” деп четке кагууда.

Буга жооп чара катары Британия, АКШ баштаган жыйырмадан көп мамлекет чыгарган орус дипломаттарынын саны 150дөн ашкан.

Орусия өз тарабынан Батыш жана Европа өлкөлөрүнүн мына ушундай эле сандагы дипломаттарды чыгарыларын жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG