Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Пакистандын премьер-министри Ооганстанга келет


Премьер-министр Шахид Хакан Аббаси.
Премьер-министр Шахид Хакан Аббаси.

Шахид Хакан Аббасинин Ооганстанда 6-апрелге мерчемделген сапары эки өлкө ортосундагы чыңалууну басаңдатууга жардам берүүчү маанилүү визит катары каралууда.

Пакистан тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мeхаммад Файсал бир күндүк сапар учурунда маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде Кабул менен “Талибандын” сүйлөшүүсүн тездетүү жолдору талкуулана турганын билдирди.

Бул Пакистандын азыркы премьер-министри Аббасинин былтыр кызматка келгенден берки Ооганстанга алгачкы сапары болот.

АКШ жана ооган расмий өкүлдөрү Пакистанды Ооганстанда аракеттенген террорчуларга башпаанек берип жатканы үчүн айыптап жүрүшөт.

Кабулга сапарын утурлай премьер Аббаси өзү Исламабадда, 5-апрелдеги конференция учурунда “Ооганстандагы тынчтыкты Пакистандан көп эч ким каалабайт, анткени биз терроризмден эң көп жабыр тарттык”,- деп ырастады.

Ооган президенти Ашраф Гани өткөн айда эгер “Талибан” Кабул өкмөтүн таанып, мыйзам үстөмдүгүнө баш ийип, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кошулса, ал саясий партияга айлануусуна жол берилерин жарыялаган.

Бирок “Талибан” бул сунушту салкын кабыл алган. Ал ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүү чакырыктарын четке кагып, өзү “оккупациялык чет элдик күч” деп атаган АКШ менен гана сүйлөшөрүн айтып келет.

АКШ болсо тынчтык сүйлөшүүлөрдө башкы ролду ооган өкмөтү ойношу керек деп эсептейт.(UE)

XS
SM
MD
LG