Санкт-Петербургда "Открытая Россия", "Весна" сыяктуу кыймылдардын мүчөлөрү 5-апрелде пикетке чыгып, АКШ менен Британиянын консулдуктарынын жабылышына нааразылык билдиришти. Алар колдоруна плакат кармап, орус бийлигинин чечимине каршы экенин айтышты.
"Азаттыкты" орус кызматы кабарлагандай, активисттер өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин аракетин сындап, муну жарандарды кыйноо катары баалашты. Полиция акция катышуучуларынын документтерин текшерип чыкты.
Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын 4-мартта ууланганы үчүн расмий Лондон Москваны айыптаган жана аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган деген бүтүмгө келген.
Москва Лондондун ырастоолорун “далили жок” деп четке кагууда.
Буга жооп чара катары Британия, АКШ баштаган жыйырмадан көп мамлекет чыгарган орус дипломаттарынын саны 150дөн ашкан.
Орусия өз тарабынан Батыш жана Европа өлкөлөрүнүн мына ушундай эле сандагы дипломаттарды чыгарыларын жарыялаган.