Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:41

Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Игорь Костюков "Ислам мамлекети" террордук тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдади Иракта жашынып жүргөнүн билдирди. "Интерфакс" агенттиги менен болгон маегинде ал:

- Чындыкка жакын божомолго караганда, Багдади Иракта. Анын Сирияда жүрүшү мүмкүн эмес. Азырынча кайсы жерде экенин анык билбейбиз, - деди.

Костюков көпчүлүк мамлекеттердин атайын кызматтары Багдадинин изин табуу менен алектенип жатканын кошумчалады.

Буга чейин Абу Бакр ал-Багдади өлтүрүлгөнү тууралуу бир канча маалыматтар чыгып, ырасталган эмес.

Соңку жылдары "Ислам мамлекети" террордук тобу ар кайсы мамлекеттерде уюштурган теракттардан жүздөгөн кишилер курман болду.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG