Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Акаев: Индира Жолдубаеванын тагдырын чечебиз


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Парламент депутаты Жанар Акаев 5-апрелде “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” программасына катышкан учурда Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү тууралуу чечим чыгарышы мүмкүн экенин билдирди:

- Жума күнү оппозициялык фракциялар башкы прокурордун отчетун угат. Менин жеке пикиримде, аны иштен алуу жөнүндө бир нече фракция чечим чыгарат. Шейшемби күнү аны тиешелүү комитет караса, жалпы жыйында коалициядан мурун башкы прокурордун тагдырын чечишибиз керек. Бул миссия азыр биздин алдыбызда турат. Келерки шаршембиде күн тартибинде башкы прокурордун тагдырын чечебиз.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, “Ата Мекен” жана “Республика - Ата Журт” фракциялары бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отчетун угуп, ал башкарган органдын 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн талкуулайт.

Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп 2015-жылдын 28-январында дайындалган. (NT)

XS
SM
MD
LG