Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

“Ата-Бейитте” апрель окуясынын курмандыктары эскерилди


Бишкек. 7-апрель, 2017-жыл.
Бишкек. 7-апрель, 2017-жыл.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде бүгүн 2010-жылы апрель окуясында каза болгондор эскерилди. Эскерүү иш-чарасына Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев баштаган коомдук ишмерлер, жарандык коом өкүлдөрү катышты. Алар ыңкылапта окко учкандарга арналып курулган эстеликке гүл коюп, куран окушту.

Ошол окуя учурунда бийликке каршы оппозицияда болгон ишмерлер бул ыңкылаптан Кыргызстан сабак алышы керектигин белгилешти.

Сегиз жыл мурда 7-апрелде эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан. Куралсыз элге ок атылып, 80ден ашык киши окко учкан. Жүздөн ашуун адам жарадар болгон. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

Кыргызстанда 7-апрель "мамлекеттик майрам жана дем алыш" деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG