Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

“Идеал-Хаус” боюнча ишти тергөө ИИМге берилди


Бакиевдин уулуна тиешелүү экени айтылган "Ideal hause" аттуу жердеги үйлөр.
Бакиевдин уулуна тиешелүү экени айтылган "Ideal hause" аттуу жердеги үйлөр.

"Идеал-Хаус" компаниясына караштуу имараттардын сатылышынын мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кылмыш ишин тергөө Ички иштер министрлигине тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков билдирди. Фракция бүгүн прокуратура органдарынын иши тууралуу отчет угуп жатат. Анда Нарын каскадын курууга багытталган 37 миллион доллардын уурдалышы, "Манас" аба майданы, "Идеал-Хаус", Бишкек ЖЭБине кеткен 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгына байланыштуу суроолор берилди. Казаков 37 миллион доллар туурасында корутунду жок экенин айтты.

Башкы прокуратура 2017-жылдын декабрь айында Чүйдө "Идеал-Хаус" компаниясына караштуу имараттардын сатылышынын мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кылмыш ишин козгогон. Былтыр күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукционду "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын да жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал-Хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы көзөмөл органы иликтөөдө журналист келтирген маалыматтар такталбаганын билдирүүдө. (КE)

XS
SM
MD
LG