Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы прокуратура органдарынын иши тууралуу отчетту угуп жатат. Депутат Наталья Никитенко башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жылдык отчетко келбей койгонун сынга алып, андай болсо ооруп жатканы тууралуу тастыктама алып келип бериши керек экенин айтты.
- Биз ал жок Башкы прокуратуранын отчетун кантип карайбыз? Анын өзүнө бир топ суроолор бар болчу. Анткени башкы прокурор катары айрым иштерди Индира Жолдубаева өзү козгогон. Ал өз каалоосу менен келбей коё албайт.
Фракция мүчөсү Искандер Гайпкулов Жолдубаеванын өзүнө берилчү суроолор көп экенин белгилеп, Жогорку Кеңеш башкы прокурорго саясий баа бериши керек экенин белгиледи.
Бүгүн “Ата Мекен” жана “Республика - Ата Журт” фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отчетун угуп, ал башкарган органдын 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн талкуулап жатат.
Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп 2015-жылдын 28-январында дайындалган. (КЕ)