Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы бүгүн башкы прокурордун отчетун укту. Депутаттар элдин назарындагы кылмыш иштери, алардын катарында Нарын каскадын курууга багытталган 37 миллион доллардын уурдалышы, "Манас" аба майданы, "Идеал-Хаус", Бишкек ЖЭБине кеткен 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин резиденцияга үй салышынын мыйзамдуулугу боюнча суроолор беришти. Фракция жыйынына Индира Жолдубаева келген жок, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна анын орун басары Бөкөнбай Казаков жооп берди.
Жыйынтыгында фракция прокуратуранын отчетун канааттандырарлык эмес деп баалап, башкы прокурор Индира Жолдубаевага ишенбестик көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Мындан сырткары соңку учурда коррупция боюнча резонанс жараткан кылмыш иштери жана прокуратуранын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттаттык комиссия түзүү боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына сунуш киргизмей болушту.
Депутат Эмил Токтошев комиссиянын жыйынтыгы чыкканга чейин Жолдубаеваны өлкөдөн чыкпай турууга милдеттендирүү зарылдыгы бар экенин айтты.
Фракциянын чечимин Сайдулла Нышановдон башка бардык мүчөлөрү колдоду. (КЕ)