Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Жээнбеков: Коррупция менен күрөштө досума карабайм


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү улантыла турганын айтты. Жолугушуунун катышуучулары коррупцияга каршы күрөш жана өлкө региондорун өнүктүрүү боюнча президенттин аракеттерин колдошоорун билдиришти.

Апрель окуяларында уулу каза болгон ата-энелердин бири Арстан Сагындыков президентке бул боюнча мындайча суроо койду:

- Коопсуздук кеңешинде "коррупция менен күрөшөм" деп айттыңыз. Бул абдан туура. Ошондон кийин улам бир жерден коррупционерлердин коррупциялык иштеринин баары тең, биринин артынан бири чыгып жатат. Анан ошолордун баарын укканда: “Биздин балдар эмне, ушул коррупционерлер үчүн өлдү беле?” деген ой кетет экен. Ушул балдарыбыздын өлүмүнөн кийин мамлекетибиз өркүндөп, экономика көтөрүлүп кетсе деген эле тилек.

Президент Сооронбай Жээнбеков анын суроосуна жооп берип, коррупция менен күрөштө дос-таанышка карабай туруп, жоопко тартылаарын билдирди:

- Буйруса мен мунун аягына чейин чыгарып берем. Тазасы таза, туурасы туура, туура эместери бардыгы чыгат, жашыруу деген болбойт. Азыр мына кеттиби процесс - мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, доспу - эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет. Бирок бул маселени жылдырыш кыйын болуп жатат, оор болуп жатат. Ошого карабай аягына чыгарып берем. Биз бул боюнча күч кызматтары менен тынбай иштеп жатабыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдын 7-апрели - кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя экенин, кыргыз эли үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен эч качан келишпестигин жана чөгөлөп жашабай турганын эскертти. Ал өлкөдө бийлик айрым саясатчыларга эмес, элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек экенин баса белгиледи.

- Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеймин деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот, - деди Сооронбай Жээнбеков.

5-апрелдеги жолугушууга “Мекен Шейиттери”, “Эр Теги”, “Апрель Баатырлары”, “Айкөл Ала-Тоо”, “Апрель. Элим. Кыргызстан”, “Айкөл Таза Коом”, “Апрель байрагы”, “Элдик сакчы”, “Элдик кайрат”, “Мекен үчүн”, “Орток шамы” коомдук уюмдарынын, “Патриот” ыктыярдуу элдик кошуунунун жана “Каркыра” элдик кошуунунун өкүлдөрү катышышты. (ErN)

XS
SM
MD
LG