Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Казаков: “Белизгейт” боюнча ал өлкөдөн жооп келе элек


president.kg сайтындагы сүрөт.
president.kg сайтындагы сүрөт.

“Белизгейт” жаңжалы боюнча Америкадагы Белиз өлкөсүнөн жооп келе элек. Бул тууралуу бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков билдирди.

- “Белизгейт” боюнча ошол мамлекеттин өзүнө кат жиберилген. Алардан жооп алмайынча биз чечим чыгара албайбыз.

"Ата Мекен" фракциясы бүгүн башкы прокурордун отчетун карап, "канааттандырарлык эмес" деп баалады.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген болчу. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

​"Ата Мекен" юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирип келет. Бул чатак боюнча экс-президент Атамбаев да пикирин билдирип, Белиз өлкөсүнөн келгени сөз болгон документтер жасалма болуп чыкса, атайын кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаев жооп берээрин эскерткен.

Ушундан кийин Башкы прокуратура жана УКМК "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы коомчулукка ушул күнгө чейин айтыла элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG