Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Кабул чек арадагы чабуул үчүн Пакистанды айыптады


Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси. 22-январь, 2018-жыл.
Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси. 22-январь, 2018-жыл.

Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги 5-апрелде тараткан билдирүүсүндө пакистандык аскердик учактар Кунар провинциясына төрт бомба таштаганын маалымдады.

Жабыркагандар тууралуу айтылган жок. Бул билдирүү Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббасинин 6-апрелге мерчемделген Кабулга сапарын утурлай жасалды.

Аббаси ооган президенти Ашраф Гани менен куралдуу согушкерлерге каршы күрөш үчүн биргелешкен аракеттерди талкуулашы күтүлөт.

6-апрелдин таңында Пакистан ооган тараптын билдирүүсүн "негизсиз" деп атады.

Былтыр бийлик башына келген Аббаси өкмөт башчы катары биринчи жолу Ооганстанга барат. Өз сапарын утурлай ал "Пакистандай бир да өлкө Ооганстанда тынчтыкты каалабайт, анткени биз террорчулуктан абдан жабыркаган мамлекетпиз" деп айткан.

XS
SM
MD
LG