Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе 24 жылга эркинен ажыратылды. Сеулдагы сот жума күнү аны 18 пункт боюнча күнөөлүү деп тапты. Алардын арасында "коррупция" жана "кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган" деген айыптоолор да бар.
Пак Кын Хе ошондой эле 17 миллион доллар айып төлөөгө милдеттендирилди.
Сот Пак Кын Хенин курбусу анын кызы экөө коррупциялык жол менен 20 миллион доллар өндүргөн деп тапты.
Мурдагы президентке каршы кылмыш иши 2016-жылы, ал бийликте турган маалда ачылган. Бир нече ири акциялардан соң Пак Кын Хеге парламент импичмент жарыялап, кызматтан кеткен. Ал 2017-жылы камакка алынган.