Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

ЕККУ Казакстанда журналисттердин кармалышын сынга алды


Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Арлем Дезир. Киев, 20-март, 2018-жыл.
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Арлем Дезир. Киев, 20-март, 2018-жыл.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Арлем Дезир 5-апрелде Алматыда Ratel.kz менен Forbes Kazakhstan сайттарынын бир катар журналисттеринин жана редакторлорунун кармалышын сынга алды.

- Онлайн-агенттиктердин жабылышы бул сөз эркиндигин чектөө дегенди билдирет. Ишкер менен басылма ортосундагы пикир келишпестиктен кийин журналисттердин кармалышы жана кеңселер менен кабарчылардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүү бул коркутуу акты. Бул окуялар Казакстандагы маалымат каражаттарынын эркиндигине терс таасирин тийгизет,-деди ал Киевде өткөргөн маалымат жыйында.

Полиция билдиргендей, эки басылмага каршы кылмыш иши алдын-ала билип туруп жалган маалымат тараткан деген кине боюнча ачылган.

Ratel.kz жана Forbes.kz агенттиктеринин кеңселеринде 2-апрелде тинтүүлөр жүргөн. Буга мурдагы мамлекеттик кирешелер боюнча министр, ишкер Зейнулла Какимжановдун арызы түрткү болгон. Ишкер Forbes.kz жана Ratel.kz сайттары соңку жылдары ал тууралуу жарыялаган макалалары "кара пиар" жана "жалган кабар" деп ишендирүүдө.

Мурдараак жарандык соттор Какимжановдун доосун туура деп таап, агенттиктерден макалаларды өчүрүүнү талап кылышкан.

4-апрелде Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" укук коргоо уюму казак бийлигин журналисттерди жана блогерлерди куугунтуктоону токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG