Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

“Республика - Ата Журт”: башкы прокурордун отчету канааттандырарлык эмес


Индира Жолдубаева
Индира Жолдубаева

Бүгүн Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясы башкы прокурордун отчетун талкууламак. Жыйынга башкы көзөмөл органдын башчысы Индира Жолдубаева келбей калганына байланыштуу отчетту укпастан фракция канааттандырарлык эмес деген чечим чыгарды. Аны фракция лидери Жыргалбек Турускулов окуп берди:

- Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарында, алардын катарында укук коргоо, бажы, салык, саламаттык сактоо, билим берүү жана энергетика тармагында, сот тутумунда коррупциялык көрүнүштөрдүн күчөп кеткени байкалат. Өлкөбүздө мыйзамдардын жана мыйзамдуулуктун так аткарылышы жетишээрлик деңгээлде камсыз болбой, кылмыштуулуктун деңгээли, айрыкча уюшкан кылмыштуулук күч алып баратат.

Фракция башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жыйынга катышпаганын белгилеп, анын отчетун канааттандырарлык эмес деп табуу жана Жогорку Кеңештин төрагасына жиберүү чечимин кабыл алды.

“Республика – Ата Журттун” мүчөсү, фракциянын мурдагы лидери Руслан Казакбаев мекеменин жетекчиси жок же орун басарларын укпастан отчетту канааттандырарлык эмес деп табуу туура болбой турганын белгиледи.

- Мекеменин жетекчиси же орун басарларын укпай, жообун албастан канааттандырарлык эмес деп чыгарганыбыз моралдык, этикалык нормага жатпайт деп ойлойм. Келбей койду деп жатабыз, Индира Жолдубаева ден соолугу бекем болсо үч күн, бир жумада чыгат да. Балким анын медициналык аныктамасы болушу мүмкүн.

Буга чейин “Ата Мекен” фракциясы дагы башкы прокурордун отчетун угуп, канааттандырарлык эмес деп тапкан. Жыйынга анын орун басары Бөкөнбай Казаков катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп 2015-жылдын 28-январында дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG