Чүйдүн Сокулук районунда 2010-жылдагы апрель окуяларынын сегиз жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өттү. Ага саясий ишмерлер Темир Сариев, Эмилбек Каптагаев, Жантөрө Сатыбалдиев, окуянын катышуучулары жана алардын жакындары катышты.
Темир Сариев 2010-жылдагы апрель окуялары эгемен Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орун алаарын белгилеп, ага Сокулук районунун тургундары жигердүү катышканын билдирди. Анын айтымында, ошол күнү райондун миңден ашуун тургуну нааразылык акциясына чыгып, Ала-Тоо аянтында окко учкандардын арасында көп болгон.
Сегиз жыл мурда 7-апрелде эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан. Куралсыз элге ок атылып, 80ден ашык киши окко учкан. Жүздөн ашуун адам жарадар болгон. (BkA\ErN)