Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Экс-президент Атамбаев: Үй-бүлөлүк башкарууга жол бербеш керек


Экс-президент Алмазбек Атамбаев “7-апрель шейиттери” мечитинин алдында "апрелчилерди" кабыл алууда.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев “7-апрель шейиттери” мечитинин алдында "апрелчилерди" кабыл алууда.

Мындай пикирин экс-президент Алмазбек Атамбаев “Мекен шейиттери”, “Айкөл-Ала-Тоо”, “Эр Теги”, “Апрель байрагы”, “Айкөл Таза коом”, “Элдик сакчы”, “Апрель баатырлары”, “Орток шамы”, “Мекен үчүн”, “Элдик кайрат” коомдук уюмдарынын, “Патриот” ыктыярдуу элдик кошуунунун жана “Каркыра” элдик кошуунунун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мурдагы мамлекет башчы анда 7-апрель Кыргызстандын тарыхында майрам катары калышы керек деген пикирин билдирди:

- Бул күн - мамлекет үчүн, сиздер үчүн жана мен үчүн да өтө оор күн. Мындай күндөр эч качан кайталанбасын. Апрель окуяларында канчалаган эр азаматтарыбыз үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болбошу үчүн, өлкө өнүгүшү үчүн жанын беришкен. Кыргызстан эки жолку революциядан өттү, эми андай кандуу окуялардын жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кайталанышына жол бербеш керек. Президент Сооронбай Жээнбеков да бул жөнүндө кечээ абдан туура айтты, - деди Атамбаев.

Ал ошондой эле учурдагы мамлекет башчынын бардык жакшы саамалыктарын колдоого алууга чакырды.

Социал-демократтар партиясынын төрагасы “апрелчилерди” өзү президент болуп турган кезинде демилге көтөрүп курулушун баштаган “7-апрель шейиттери” мечитинин курулушу менен таанышкандан кийин, ошол жерде кабыл алды. Мурдагы өлкө башчы бул мечиттин кире беришинде апрель ыңкылабынын баатырларынын аты-жөнү жазылаарын да кошумалады.

Жогоруда аталган уюмдун өкүлдөрүн кечээ, 5-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков да кабыл алып, коррупциялык көрүнүштөр менен күрөш дос-таанышка карабай улантыла турганын айткан. Президент ошондой эле үй-бүлөлүк-кландык башкарууга эч качан жол бербей турганын белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG