Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:31

Аба ырайы: жамгыр жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.

7-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 10...15 градус жогорулайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 14... 19 градуска чейин ысык болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, түнкүсүн 13...18 градус жылуу болот.

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градуска чейин жылуу болот.

Бишкек шаарында 7-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 9... 11, күндүз 13..15 градус жылуу болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG