Терррористтик аракеттердин алдын алуу боюнча операциялардын жүрүшүндө эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү, эки Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
34 жаштагы М.К. аттуу жаран жасалма документтер менен Сирия жана Ирактагы согуштук аймакка барып, эл аралык террористтик уюмдун жоочуларынын курамында Сирия өкмөтүнүн аскерлерине каршы согушууга аракет кылганы аныкталды.
Кармалгандардын дагы бири, 26 жаштагы Х.М эл аралык террористтик уюмдун диверсиялык лагеринде машыгуудан өтүп келгени такталды. Ал Сирияга барып, жоочулардын катарында Сирия бийлигинин аскерлерине каршы согушуп келген. Террордук уюмдардын жетекчилеринин тапшырмасы менен Борбор Азия жана КМШ мамлекеттеринде террордук актыларды уюштурууну ишке ашырууну пландаган.
Фактылар боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 226-4 беренеси (“чет өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу чыр-чатактарга катышуу”) боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)