Тажикстандык ишкерлер Баткенде биргелешкен ишкана куруу демилгеси менен келди. Бул тууралуу “Азаттыка” өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Тажик Республикасынан келген делегациянын курамында Согди облусунун “Фортуна Ко” ишканасынын директору Дадо Очилов, Согди облусунун соода, өнөр жай башкармалыгынын башчысы Мумин Умаров жана ТРнын Согди облусунун Баткен облусундагы өкүлү Гиесиддин Каромаддинов бар. Аларды өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев, Баткен шаар мэри Мамыржан Рахимов кабыл алды.
Тажик ишкерлери курулуш материалдарын чыгарууда бай тажрыйбалары бар экендигин айтып, Баткен шаарына учур талап кылган, заманбап курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачуу сунуштары бар экендигин билдиришти.
Кыргыз тарап өндүрүш ишканаларын ачуу үчүн Лейлек эркин экономикалык аймагында 100 гектар, Баткен шаарындагы өнөр жай аймагында 187 гектар жер аянты бөлүнгөнүн айтышты. Бул аянттарда чакан өнөр жай ишканалары ачылып, учурда продукция өндүрүп жатканы белгиленди. Ошол себептүү кыргыз-тажик биргелешкен ишканаларын да ушул аймакка куруу сунушталды. (JsA\ErN)