Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:13

АКШ Орусиянын 24 жаранына каршы санкция киргизди


Орусиянын президенти Владимир Путин жана орусиялык олигарх Олег Дерипаска. Вьетнамдагы АПЕКтин жыйынында. 10-ноябрь, 2017-жыл.

АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын 24 жаранына жана 14 ишканага каршы санкция киргизди. Алардын арасында магнат Олег Дерипаска, "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер жана ички иштер министри Владимир Колокольцев да бар.

Кошмо Штаттар санкция киргизилген орусиялык олигархтардын тизмесин кеңейте турганын шаршембиде бир катар медиалар жазышкан.

Конгресс былтыр жайында кабыл алган жаңы мыйзамдын талабына ылайык, АКШнын Финансы министрлиги быйыл 30-январда “Кремл баяндамасы” деген документти жарыялаган. Бул документти даярдоону өткөн жылы жайында президент Дональд Трамп табыштаган. Ал баяндамада президент Владимир Путиндин эң жакын чөйрөсүнөн саясий кызматтагы 114 адамдын жана 96 "олигархтын" ысымдары аталган.

АКШнын Орусияга каршы санкцияларынын акыркы айлампасы буга чейин 15-мартта кабыл алынган. Финансы министрлиги "2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкен жана киберчабуулдарга катышы бар" деп 19 адамды, беш уюмду, анын ичинде Орусиянын чалгын кызматтарын "кара тизмеге" киргизген.

Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык ишкерлер менен жолугушууда "жакында Батыш Москвага каршы санкция киргизе бергенден чарчап, ошондон кийин алакалар жакшырат" деп февраль айында айткан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG