Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Бишкекте мектеп окуучулары отчеттук концерт беришти


Окуучулардын концерти.
Окуучулардын концерти.

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында Бишкек шаарындагы №69 мектептин отчеттук концерти өттү.

Анда окуучулар жеке жана хор ырдап, музыкалык аспаптардын бардык түрүндө ойношту. Андан сырткары ар кандай сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты.

Уюштуруучулар бул маданий иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналганын билдиришти.

"Устат-шакирт" борбору аталган гимназия-мектеп менен беш жылдан бери кызматташып келет. Алар бул мектепте учурда 400гө жакын окуучуну музыка сабагы, темир комуз, дастан, ыр, театр ийримдеринде окутушат. (ZA\ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG