Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Апрель окуясына сегиз жыл болду


2010-жылдын 7-апрелинде тартылган сүрөт
2010-жылдын 7-апрелинде тартылган сүрөт

Жүзгө жакын кишинин өмүрү кыйылган 7-апрель окуясына сегиз жыл толду.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, жүздөн көбү жараат алышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

Окуянын сегиз жылдыгына карата, бүгүн Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен эскерүү иш-чаралары өтөт. Мамлекет башчы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги апрель окуясында курман болгондорго арналган мемориалдык дубалга жана Ала-Тоо аянтындагы "Эл эркиндиги үчүн" монументине гүл коёрун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирген.

Эскерүүгө экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева чакырылган.

Мындан сырткары 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, катышуучулар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышат.

Жылнаамада 7-апрель кызыл менен белгиленип, дем алыш деп жарыяланган. (SE)

XS
SM
MD
LG