Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Орусияда жаңы санкциялар "чектен чыккандык" катары сыпатталды


Орусияда АКШ киргизген жаңы санкциялар "чектен чыккандык" катары сыпатталды. Федерациялык кеңештин эл аралык иштер комитетинин катчысы Николай Патрушев санкцияларды АКШнын "өз иши" экенин белгиледи. Ошол эле учурда Кремль Вашингтон менен талкууну улантып жатканын кошумчалады.

Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой санкцияларды кара өзгөйлүк катары баалады. Ушул өңүттөгү пикирлерин бир катар мамлекеттик ишмерлер да билдиришти. Бирок Кремлден комментарий боло элек.

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасын 6-апрелде жарыялады. Бул ирет бутага 24 адам, 14 жеке менчик жана мамлекеттик компания алынды. Арасында президент Владимир Путинге жакын мамиледе делген олигархтар, Орусиянын коопсуздук кызматтарынын башчылары бар.

Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялашынан, Украинанын чыгышындагы аракеттеринен жана "2016-жылы АКШда өткөн шайлоого кийлигишти" деген маалыматтардан улам Вашингтон санкцияларды киргизип келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG