Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:48

"Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Бишкекте жүрүшкө чыгышты


Cүрөт Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджановдун "Фейсбуктагы" түз эфиринен алынды.
Cүрөт Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджановдун "Фейсбуктагы" түз эфиринен алынды.

2010-жылдагы Апрель окуясынын сегиз жылдыгына карата "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Бишкекте жүрүшкө чыгышты.

Партиянын желегин көтөрүп, гүл кармап алган ондогон кишилер Ала-Тоо аянтына барышты. Ак үйдүн алдындагы "Эл эркиндиги үчүн" монументине гүл коюп, куран түшүрүштү. Арасында Аида Салянова баштаган саясатчылар, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары бар. Алар акция тынч маанайда экенин, өткөндөрдү эскерүү максатында уюштурулганын белгилешти.

"Ата Мекен" жүрүшкө чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

Жүрүшкө чыккандар партия лидери Өмүрбек Текебаевге, Дүйшөнкул Чотоновго эркиндик берүүгө чакырган, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын сындаган жазууларды көтөрүп алышкан. Алар азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдон адилетсиз сотторду жоопко тартууну, реформаны калыс жүргүзүүнү да суранып жатышат. Акция катышуучулары сегиз жыл мурдагы төңкөрүш максатына жете электигин белгилешүүдө.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, жүздөн көбү жараат алышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. (SE)

XS
SM
MD
LG