Жапониядагы “Токуда” коомдук фонду Нарын облустук ооруканасына алты гемодиализ жабдуусун тартуулады. Фонддун директорлор кеңешинин төрайымы Мари Токуда “Азаттык” радиосуна курган маегинде гемодиализ жабдууларын Кыргызстандан тышкары дүйнөнүн дагы 15 өлкөсүнө беришкенин айтты.
Мари Токуда 5-апрелде өкмөт башчы Сапар Исаковдун кабыл алуусунда болду. Кыргызстан менен саламаттык сактоо тармагында кызматташууну өнүктүрүү максатында ачылган “Кыргыз Кагошима” достук бирикмеси да бул долбоорго көмөк көрсөттү.
Буга чейин Нарындагы урология бөлүмүндө гемодиализ жабдуулары эскирип, иштебей турган.
Учурда өлкөдө бөйрөк оорусу күчөп, жасалма бөйрөк жабдуусуна кезекте тургандар бар. Аларга трансплантация жасоо Кыргызстанда ишке ашпай, чет өлкөгө барууга мажбур болушат.
2018-жылы гемодиализ кызматы мамлекеттик-менчик формага өтүп, өлкөдө үч жаңы диализ борбору курулмай болду.
Дүйнөдө 195 миллион адам бөйрөктүн өнөкөт оорусуна чалдыккан. Жылына 600 миң адам бл оорудан көз жумат. (BCh)