2010-жылдагы Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү үчүн Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" комплексине чакырылган экс-президент Алмазбек Атамбаев келген жок. Эскерүү иш-чарасына мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Роза Отунбаева катышканын "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.
Кыргызстан социал-демократтар партиясы тараткан кабарга ылайык, партия төрагасы Алмазбек Атамбаев ооруп калганына байланыштуу иш-чарага катыша албады.
Апрель окуясынын сегиз жылдыгына карата бүгүн Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен эскерүү иш-чаралары өттү. “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги эскерүүгө экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков чакырылган. Спикер менен өкмөт башчы барды.
2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, жүздөн көбү жараат алышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. (SE)